Get Mystery Box with random crypto!

Ош облусунун Ноокат районундагы тамактануучу жайда жети жаштаг | Chyndyk_kg

Ош облусунун Ноокат районундагы тамактануучу жайда жети жаштагы баланы сабаган учур боюнча милиция териштирүү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, баланы урган Кеңеш айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталды.

“О. уулу Т. аттуу жаран “Элдос” кафесинде жети жаштагы баланы уруп, денесине жараат келтирген. Өспүрүмгө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тешерүү иштери жүргүзүлүүдө”, -​ деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жаш баланы сабап жатканы тартылган видео 27-январда социалдык тармактарга жарыяланган.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 391 миң бала бар.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.