Get Mystery Box with random crypto!

Баткенде эки жигиттин өмүрүнүн акыркы секунддары тартылып калг | Chyndyk_kg

Баткенде эки жигиттин өмүрүнүн акыркы секунддары тартылып калган видео тарады


Социалдык тармактарда жол кырсык катталганга чейинки видео тарады. Маалыматтарга караганда, кырсык Ош-Баткен жолунда катталган. Видеодон жигиттердин унааны саатына 220-240 чакырым менен айдап баратканын айтканын угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя боюнча маалымат беришти.

«Кечээ, 19-январда саат 11:30 чамасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Кадамжай районунундагы Ош-Баткен-Раззаков жолунун 161-чакырымында бара жатып, ылдамдыкты өзгөчө ашырып айдагандыктын, унааны башкара албай, оор жол кырсыгына учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен авто унаанын айдоочусу ошол жерде көз жумуп, жанындагы жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берди», — дешти.