Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! Сонун жаңылык менен келдик! Сиздерди  20-авгу | Чөйрө Коомчулугу

Салам, достор! Сонун жаңылык менен келдик!

Сиздерди  20-августта, саат 17:00 дө боло турчу "Бүгүнкү санарип кылымдагы айымдардын билим алуудагы жетишкендиктери" аттуу оффлайн-жолугушууга чакырабыз.

Бул жолугушууда сиздер “Чырак” долбоорун бүтүргөн айымдарыбыз реалдуу долбоорлордо иштеп, алган билимдерин бекемдөө, тажрыйба топтоо үчүн “Чөйрөнүн” алкагында 2022-жылдын 1-июнунан тарта жүрүп келген “Демилге” IT-марафонунунда иштелип жаткан долбоорлор менен тааныша аласыздар.

Жолугушууда :

1. Тил Бил - Мен кыргызча сүйлөйм долбоору. Чет өлкөдө жашаган мигрант кыргыздардын балдарына эне тилин үйрөтүү үчүн кыргыз тили сабагын өтүү.

2. IT айылдан башталат - КР региондорундагы мектеп курагындагы балдарга IT креативдүү келечектин кесибине сабаттуулугун ачуу жана үйрөтүү үчүн атайын окуу жылы жана каникул учурунда окутуулар.

3. Neoline - учурдун орчундуу көйгөйү айымдардын депрессияга кабылбоосу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү жана психологиялык жактан жардам берүү долбоору.

4. Acadeti - акысыз чет тилдерин окутуу жана атайын акысыз программалар аркылуу чет өлкөгө окууга жөнөтүү жана таланттуу балдарды колдоо долбоору.

5. Чырак СММ агенттиги- биринчи кыргыз тилдүү СММ агенттигин ачуу жана түшкөн каражатты Чырактын бүтүрүүчүсү датка айымыбыз Нургүл Калыгулованын дарылануусуна жумшоо.

6. IT ге бирге - Aidana Tech Talk каналын өнүктүрүү жана активдүүлүгүн жогорулатуу. Жана кардарларды тейлөө долбоору.

7. Get Force - IT нин DevOps тармагына креативдүү, англис тилдүү окуучуларды жана менторлорду издөө долбоору.

Жолугушуунун дареги: Бишкек, Кыргыз-Патент Инновациялык борбору, бульвар Эркиндик 58а

 20-август, 17:00

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз, көрүшкөнчө

Катталуу: https://choyro.co/groups/demilge-demo/