Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу достор! Сиздерди ар кыл кесиптин ээлери менен тааны | Чөйрө Коомчулугу

Урматтуу достор!

Сиздерди ар кыл кесиптин ээлери менен тааныштырып, кызыктуу маектерибизди улантабыз.

Бул жолку коногубуз Махабат САДЫРБЕК кесиби боюнча лингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, илимий изилдөөчү жана эркин котормочу. Ал дипломатиялык жана илимий чөйрөдө эмгектенүү менен көп тилдүүлүккө ээ болгон.

Махабат САДЫРБЕК ар түрлүү тилдеги 5 монографиянын, ар кандай темадагы илимий макалалардын жана рецензиялардын автору.

Ал Кыргызстандан белгилүү көркөм жана документалдуу тасмаларды, адабий чыгармаларды жана илимий иштерди которот, расмий жолугушууларда кыргыз-немис-казак-англис жана орус тилдеринде оозеки котормочулук кылат.

Темабыз “Канча тил билсем, ошончо кишимин”.
Күнү жана сааты: 13-август, Ишемби, 20:00

Алып баруучу жана модератор: Мээрим Абдрахман кызы

Жолугушууга катышып, тема боюнча кызыккан суроолоруңузду узатып, пайдалуу убакыт өткөзүп кетиңиздер.

Zoom:

https://us06web.zoom.us/j/85756216737?pwd=M05Hbm5SbTI2ck5MRGJ1cnNlM1VyQT09