Get Mystery Box with random crypto!

Арыбаңыздар, достор! Чөйрө.Баарлашууда онлайн жолугушуулар у | Чөйрө Коомчулугу

Арыбаңыздар, достор!

Чөйрө.Баарлашууда онлайн жолугушуулар уланууда. Бул ирет жолугушуубуздун темасы графикалык дизайнга арналмакчы.

Мейманыбыз Дастан Мираж - Кыргызстандын белгилүү графикалык дизайнери, каллиграф, леттеринг адиси. Borsok, Tangak аттуу шрифттердин автору. Design Cup эл аралык виртуалдык чемпионаттын көп жолку жеңүүчүсү жана Red Jolbors жарнама фестивалында 4 жолборстун ээси.

Дастан Мираждын иштери:
https://www.behance.net/dasmus

Графикалык дизайнга кызыккандар үчүн өз ишинин чебери менен пайдалуу жана кызыктуу маек күтүлөт. Андыктан 6-август, Ишемби күнү кечинде, саат 20:00 сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!

Zoom шилтеме:

https://us06web.zoom.us/j/85869817343?pwd=MS9IUDdFSWxtQmZISng5Tk9XS0NBZz09