Get Mystery Box with random crypto!

Бул 5 белги психологго барышыңыз керек экенинен кабар берет П | BILESINBI.KG

Бул 5 белги психологго барышыңыз керек экенинен кабар берет

Психологго "акыл эси жайында эместер" гана барат деген пикир эбак эскирип бүткөн. Жашооңуздун сапаты сиздин психологиялык абалыңызга жараша болот. Андыктан, көйгөйүңүз болсо, ал депрессияга же паникага айланып кеткиче күтүп отура бербей, кесипкөйлөргө кайрылып талкулоо керек.

Бир нерсе болгондо
Жакындарыңыз менен бир нерсе болгондо, айталы, ооруса же каза тапса. Жумушу жок калганда же сүйүктүүңүз менен эки жолго түшкөндө. Жакын арада сизди шок кылган олуттуу бир көйгөй болгондо. Кыскасы, кандайдыр бир көйгөй учурунда психологго кайрылуу нормалдуу көрүнүш.

Маанайыңыз жокто
Күн сайын маанайыңыз жок, бул нерсе жумалап созулуп жатса, оюңузду бир нерсеге топтой албасаңыз, апатия, кайдыгерлик болсо, адистен жардам сураш керек. Көйгөйдү өтүштүрүп жибербей убагында чечсе, нормалдуу жашоого кайтып келүү ошончолук бат болот.

Ар дайым негативдүү ойлонсоңуз
Бир нерсеге өтө эле кабатыр болсоңуз, ар дайым коркууда жүрсөңүз, жаман ойлор гана келе берсе, бул абалдан чыгуу үчүн сизге жардам керек.

Уйкуңуз эле келе берсе
Уйкуңуз эле келе берсе, же тескерисинче уйкуңуз келет, бирок уктай албасаңыз. Бул нерсе көптөн бери кайталанып жатса, анда денеңизде бир нерсе туура эмес дегинен кабар берет.

Жалгыздыкка качып калсаңыз
Адамдардан оолук болуп, жалгыз калууну эңсеп калсаңыз. Бул нерсе мурдагыга караганда көбүрөөк боло баштаганын байкасаңыз, анда сизде депрессиянын белгилери бар. 

Реакция калтырабыз