Get Mystery Box with random crypto!

Чектүүлүк Балмуздак түгөнүп жатканын көрүп бала кезде, ичиме | БИЙИКТЕ БОЛ!!!🇰🇬

Чектүүлүк
Балмуздак түгөнүп жатканын көрүп бала кезде, ичимен миң эзилип, сыртыман бир безилдеп калаариэлем. Мына чоңойгондо токтобой көп балмуздак алып жебесем дээр элем. Азыр ага да шарт бар. Бирок, быйыл балмуздакты ырымдап эле жегеним болбосо… Кичинекей кездеги мага ырахат тартуулаган кичинекей нерселердин бат түгөнүп калышы көп нерселерди үйрөттү. Жакын досумдун мамилеси суз тартып баштаса баягы балмуздак эске келет. Туугандар каршы чыгып жоолум бууса, баягы эле балмуздак эске келет. Мына ушул кызга үйлөнөм деп, ал ишке ашпай калса, баягы 5 сомдук балмуздак эске келет. Кандай ырахат же азап башыма түшпөсүн бат эле түгөнүп калчу балмуздак эске келет. Балмуздакка ырахмат. Балалыкка ырахмат.