Get Mystery Box with random crypto!

АПАМ ЖАЛГАНЧЫ БОЛЧУ Алланын тагдыры болуп,аялы каза болуп к | Бейишке татыктуу - АЯЛ🤍

АПАМ ЖАЛГАНЧЫ БОЛЧУ

Алланын тагдыры болуп,аялы каза болуп киши башка аялга үйлөнөт.Бир күнү ойноп жүргөн кичинекей баласын чакырып сурап калат:
-Балам , биринчи апаң жакшыбы же экинчи апаң жакшы бекен?
Баласы ойлонбостон эле жооп берди:
-Биринчи апам жалганчы болчу.Экинчиси андай эмес.
Атасы уулунун сөзүнө түшүнбөй кайра сурады:
-Эмне үчүн андай экен?
-Биринчи апам мен анын сөзүн укпай тентектик кылып ойноп кетип калганымда:"Тентектик кылсаң,сага тамак бербей коем",-деп айтчу.Бирок тамактанар убак болгондо чакырып келип тамак берчү.Экинчи апам тентектик кылсам , ошол эле сөздү айтты.Анан да сөзүндө туруп,тамак берген жок.Мен эки күндөн бери ысык тамак жей элекмин.

"Өзүн сыйлаган аял"