Get Mystery Box with random crypto!

Улуу Аллах Таала ар бир заманга ылайык өзүнүн ыйык китептерин | Бейишке татыктуу - АЯЛ🤍



Улуу Аллах Таала ар бир заманга ылайык өзүнүн ыйык китептерин түшүргөн.
1."Тоорат"
2."Забур"
3."Инжил"
4."Куран" китеби.
Бул китептерди Аллах Таала адамдарга элчилер аркылуу жеткирген. Аллах Таала чексиз илими менен аларды баардык адамзаттын арасынан атайын тандап алган.Бул тандалган төрт чоң пайгамбар:
Азирети Муса(а.с),
Азирети Дауд(а.с),
Азирети Иса(а.с),
Азирети Мухаммед (с.а.в).

Аллах Таала "Тооратты" Азирети Мусага(а.с),
"Забурду" Азирети Даудга(а.с),
"Инжилди"Азирети Исага(а.с),
Ыйык "Куранды" Азирети Мухаммедге(с.а.в) түшүргөн.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед Пайгамбарга(с.а.в) түшүрүлгөн Ыйык "Куран" эң акыркы жана эң чоң китеп болуп саналат.Бул китепте баардык ааламдардын Эгеси,сыпаты менен улуу болгон Аллахтын кыяматка чейинки баардык адамдарга тиешелүү болгон буйруктары камтылган. Көптөгөн илимдер, насыйкаттар,сырлар,ачылыштар мына ушул китепте жазылган.