Get Mystery Box with random crypto!

| Туулган күн тоссо болобу? Бул башка маданияттан бизге өтүп, | Бейишке татыктуу - АЯЛ🤍

| Туулган күн тоссо болобу?

Бул башка маданияттан бизге өтүп, ошону менен бирге биздин да адатыбызга айланып баратат. Дүйнөнүн баары бир телефонго баткан технологиялык жаңы доордо бардык маданияттар бир биринин таасири алдында калууда. Өзгөчө жаштар соц. тармактарда көргөн нерселерин кайталоого куштар. Бул күндү куттуктоо башка динде бир ибадат болбогондуктан жана жаман үрп-адат болбогондуктан, туулган күн тосуу "арам" деп айтылбайт. Ошентсе да биз өрнөк алып жашаган
Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав)дын жана анын сахабаларынын жашоосуна карасак бул күндү өзгөчө майрам кылып тосконун көрө албайбыз.
Бирок Пайгамбарыбыздын дүйшөмбү күнү орозо кармоосунун себебин сураган сахабага; ушул күнү жарык дүйнөгө келгенин жана ушул күнү пайгамбарлык берилгенин айткан хадис бар. Бул хадис биздин бүгүнкү күндөгү туулган күн тосуу аземдерине такыр эле дал келбейт. Кимибиз туулган күнүбүздө орозо кармайбыз. Канчообуз ушул күнү ата-энебизге дуба кылып, өткөн-кеткен өмүрүбүздү калчап, таразалап, келечегибизди Аллах ыраазы болчу иштерге арноого ниеттенип, эки рекет намаз окуйбуз.
Тескерисинче махрам-намахрам чегин ашып, дос-тууганды чакырып, ырдап-бийлеп, ичимдик ичилип, ысырап кылынат. Ага өзгөчө белек алынып, элдин баары көңүл бурса текеберчилиги да анча мынча семирип калышы мүмкүн. Туулган күнү унутулуп калса, белек алынбай калса, шагы сынып, маанайы түшөт. Өзүн керексиз сезип калат. Туулган күн белгилөөнүн терс жактары мына ушундай. Бул күндү өзгөчөлөнтүп тосуу, убарачылык жана бош нерсе. Демек күнөө туулган күндүн датасында эмес, аны исламга туура келбеген жол менен белгилөөдө, максаттан адашууда жатат.
Ошондуктан кээ бир аалымдар жогоруда айтылган Исламга туура келбеген нерселер аткарылбаса, жакшы сөз айтып, адал дасторкондо, шүгүр кылып өткөрсө бул күндү белгилөөнүн зыяны жок экенин белгилешет.