Баткенде Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жоокерлерди | 🌐BATKEN_TV
Баткенде Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жоокерлердин аллеясын ачуу пландалууда
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, азыр мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Ал баатырларга эстелик тургузуп, сүрөттөрдүн коюп, аттарын жазуу каралганын билдирди.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыштын кесепетинен 62 адам көз жумган. Алардын ичинен Мекенди коргогон 50 жоокер өмүрүн берип, курман болгон.