Индонезияда футболдон кийинки башаламандыкта 127 киши көз жумуп, 180 киши жаракат алды
Полициянын маалыматында, мелдештен утулуп калган команданын күйөрмандары оюн талаасына чыгып кетип, андан кийин экинчи тайпанын тарапташтары менен мушташкан.
Тартип сактоо кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Мындан улам элдин дем алуусу кыйындап, башаламандык огобетер курчуган.
@batken_tv