Get Mystery Box with random crypto!

Казакстандагы январь окуясынын катышуучуларына мунапыс берилди | АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Казакстандагы январь окуясынын катышуучуларына мунапыс берилди

Казак президенти Касым Жоомарт Токаев январь окуясынын катышуучуларына мунапыс жарыялады. Ал элге кайрылуусунда азыр казак элине биримдик керек болуп турганын айтып, кечиримдүү болууга чакырды.

"Январь окуясына катышып, бирок оор кылмыш жасабаган жарандарга мамлекет жазаны жеңилдетти. Мыйзам бузгандардын айрымдары өздөрүнүн күнөөсүн түшүнүп, өткөн иштерине өкүнүштү. Аларга кечиримдүүлүк менен мамиле кылган жакшы деп ойлойм. Ошондуктан мен январь окуясынын катышуучуларына бир жолку мунапыс жарыялоону чечтим", - деди Казакстандын башчысы.