Get Mystery Box with random crypto!

Кошунаны тандабайт… Пандемия үйдөн иштөө түшүнүгүн тааныштыры | Aisuluu Almaz✨

Кошунаны тандабайт…

Пандемия үйдөн иштөө түшүнүгүн тааныштырып, деги эле көпчүлүк учурда үйдө болуп, кошуналардын көбүн тааныганга мүмкүнчүлүгүбүз болду…

Чоң шаарларда, бийик кабат үйлөрдө тегерегиңде кимдер жашайт көп деле билбейсиң го. Анын үстүнө биз сымал кошуналар менен айтташып, чай ичип, черная касса ойноп ийген маданият жок бул жакта…кокус каршылашып калсаң жылмайып күлүп учурашып коёсуң да анан кайсы катта жашайсың, ким менен жашайсың, кайда иштейсиң, кайсы жерден болосуң деп сурамай да жок.

Үйдөн иштеп, балконго улам чыгып, жарык болуп үйгө кирип чыккандын баарын көрүп, катташып сүйлөшпөсөк да кошунанын көбүн алыстан таанып калдык.

Анан “Кошунаны тандабайттын”экинчи фильми чыгыптыр, көрүп отуруп алыстагы туугандан жаныңдагы кошуна артык деген макалдын маанисин жакшылап түшүнүп, күндөлүгүмө кызыктуу, эстеп жүрчү кошуна жоруктарынан жазып койсом кийин барактап ушул жерлерде жашачу эмес белем дегенге сонун болчудай деген ой келди.

Торонтодо жашап жүргөнүбүздө сол тарабыбызда жашаган үйбүлө күн алыс эле уруша берчү…кыйкырып жатып да бир-бирине “балым” (honey) деп маданияттуу урушушчу, бал-шекер кошуналар деп койчубуз.

Басканда дук-дук деп үн чыгарып катуу басам, анан ал ошол эле үйдө Торонтодо жашап жүргөндө ылдыйкы каттагы кошуналарга жакпай, “жок дегенде кечкисин акырын баскылачы” деп кат жазып кетишип, эми сөзсүз мышыктай болуп басабыз деп, гүл берип кечирим сураганбыз.

Кечке эле мышык боло бермек белең, 1-2 айдан кийин эле кайра капа болгон кат келип, дүкөндөн шарап алып барып берип кайра кечирим сураганбыз… ошол боюнча элдешкенбиз.

Азыркы жашаган Монреалдагы үйүбүздө оң тарабыбызда жашаган кошуна жигит электрондук гитара чертет экен. Кечки саат 6дан кийин эле кыңылдатып маанисиз эле бирдемкени чертип калат, үйрөнүп жаткан го деп калабыз. Күндө машыкканына карабай үйрөнө албай жатат окшойт, канчадан бери эле кыңылдак өзгөрө элек.

Өткөндө кошуна бүгүн тынч, үйдө жок го деп коюп сыртка чыгып баратсак скейт тактайын тээп гаражда жүрүптүр. Анан да “менин гитара черткеним угулбай элеби, тынчыңарды алса айткыла” дейт. Керексиз кичипейилбиз да, жоок-жоок дедик дароо.

Ал жигиттен анда-санда биз жокто үйдү карап, каттарды алып тур деп калабыз, анан кой кудай кошкон кошунабыз эмеспи, үйгө барганда белек ала келип берели деп, кийизден жасалган үйгө кийген тапичке ала келип бергенбиз жазында.

Мурда күнү таштанды ыргытайын деп Арстан сыртка чыкса кошуна жигит баягы тапичкени кийип, келген каттарын текшерип кат кутусунан жанында туруптур дейт. “Кийиз тапичкени кайдан кийсин, башка эле бир нерсе алып келсек болмок экен деп кайгырып жаттың эле, мына кийип жүрөт” деп Арстан үйгө сүйүнүп келиптир…

Арзыбаган эле нерсе, бирок тээ океандын аркы бетинен бери алып келген белекти баалап кийип алганына аябай кубандым…

биздин кошуналарды жаздым, силердин кошуналарыңар кандай?