Get Mystery Box with random crypto!

Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты | Салык кызматы / Налоговая служба

Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 күн калды

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– транспорт каражатына салык,
– турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.