Get Mystery Box with random crypto!

САЛЫК КЫЗМАТЫ ЖАЛАЛ-АБАДДАН ЖАСАЛМА АКЦИЗДИК МАРКАЛАРЫ МЕНЕН 2 | Салык кызматы / Налоговая служба

САЛЫК КЫЗМАТЫ ЖАЛАЛ-АБАДДАН ЖАСАЛМА АКЦИЗДИК МАРКАЛАРЫ МЕНЕН 23 МИҢДЕН АШЫК БӨТӨЛКӨ АЛКОГОЛЬ ТАРТЫП АЛДЫ

Салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарында салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз алкоголдук продукцияны сактаган жана саткан кампа жайын аныкташты.

Жыйынтыгында «Бишкек Алко Пром» ЖЧКсы чыгарган жасалма акциздик маркалары менен 23 миң 550 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.