Get Mystery Box with random crypto!

1-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН ТУРАК ҮЙ ЖАНА БАТИР САЛЫГЫН ТӨЛӨӨНҮ УНУТПАҢЫ | Салык кызматы / Налоговая служба

1-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН ТУРАК ҮЙ ЖАНА БАТИР САЛЫГЫН ТӨЛӨӨНҮ УНУТПАҢЫЗ

Cалык кызматы турак жай ээлерин калган убактыны пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.

Салыкты каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.