Аймактык салык кызматкерлерине жасалма акциздик маркаларды аныктоо жана текшерүү боюнча окутуу тренингдерин өткөрдүк.
Тренингдер акциздик маркаларды даярдоочу компаниянын ("Гознак" ЖЧК) өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.
Окутуунун жүрүшүндө адистер алкоголь жана тамеки продукциялардын жасалма акциздик маркаларын аныктоого жардам берүүчү коргоочу элементтерин көрсөтүштү.
Алынган билим салык кызматкерлерине алкоголь жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында контрафактыны аныктоо боюнча ишти күчөтүүгө мүмкүндүк берет.