Get Mystery Box with random crypto!

Эскертүү! ККМ жокко чыгарылган жок ККМди колдонууга милдеттүү | Салык кызматы / Налоговая служба

Эскертүү!
ККМ жокко чыгарылган жок
ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга кассалык чек бериши керек
----------------------------
Акыркы жумада салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткондугу жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйөө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда.

Ушуга байланыштуу, ККМди колдонуу жокко чыгарылбагандыгын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдиребиз.

Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү аныкталган.