Get Mystery Box with random crypto!

Салык чек – Кыргызстандагы эң көп көчүрүп алынуучу ата мекенди | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык чек – Кыргызстандагы эң көп көчүрүп алынуучу ата мекендик тиркеме!

10-майда Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы старт алгандыгына байланыштуу, жарандардын тиркемеге карата кызыгуусу өсүүдө.

Лотереяга катышуу үчүн кыргызстандыктар "Салык чек" мобилдик тиркемесин көчүрүп алуусу, каттоо процедурасынан өтүүсү керек жана ар бир сатып алууда жана кызмат көрсөтүүнү алууда кассалык чекти талап кылууга тийиш. Андан соң кассалык чектеги QR-кодду тиркеменин сканеринин жардамы менен сканерлеп алуу керек.

Лотереянын биринчи утушу 2022-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында ойнотулат, анда көрүүчүлөрдү шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-пограмма күтөт.

Биринчи утушта бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 авто унаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереянын сайты: lottery.salyk.kg