Get Mystery Box with random crypto!

Салык кызматы 5 айдын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдө | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматы 5 айдын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 3 миң 267 субъекттин 13 млрд 542,3 млн сом туум жана санкцияларын эсептен чыгарды.

Бюджетке 6 млрд 279,5 млн сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 2 миң 186 салык төлөөчүнүн 13 млрд 505,8 млн сом суммасында туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Субъекттер 6 млрд 144,6 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.

Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 81 субъекттин 36,5 млн сом туум жана айыптар эсептен чыгарылды. Бюджетке 134,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Толук маалымат