Get Mystery Box with random crypto!

Лотереяга бүткүл Кыргызстан катышууда! 'ЧЕК ТАЛАП КЫЛЫП, БАЙГЕ | Салык кызматы / Налоговая служба

Лотереяга бүткүл Кыргызстан катышууда! "ЧЕК ТАЛАП КЫЛЫП, БАЙГЕ УТУП АЛ!" лотереясынан байге утуп ал!

Учурда лотереяга 42 миң 167 жаран катышууда, эми жакында – 2022-жылдын 1-июлунда 50дөн ашык байге ойнотулат. Катышкыла, байге уткула!

Кантип катышса болот:
1) Google play же App Store аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз;
2) Каттоодон өтүңүз (ИЖН, телефон номерин көрсөтүү жана сыр сөз (пароль) ойлоп табуу керек);
3) Товарды сатып алууда/кызмат көрсөтүүнү алууда кассалык чекти талап кылыңыз;
4) «Салык чек» мобилдик тиркемесинин сканери менен кассалык чектин QR-кодун сканерлеңиз, же болбосо реквизиттерди кол менен киргизиңиз.