Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-я | Салык кызматы / Налоговая служба

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган бардык чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Салык кызматы чет өлкөлүк уюмдарга аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервисин ишке киргизди.

Азыркы учурда, сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

ТОЛУК МААЛЫМАТ