Ар бир кесип ардактуу жана маанилүү!Ар бир адис, ар бир жаран калктын жашоо-турмушун жакшыртууга ар тараптан өз салымын кошууда.
Сиз да чек талап кылып, мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз!
Лотереяга катышуу үчүн:
– Google play же AppStore аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүңүз;
– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин кассалык чегин талап кылыңыз;
– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүңүз.
1-июлда биринчи утуш! Жетишиңиз, аз калды!