Get Mystery Box with random crypto!

Салык кызматы жыл башынан бери республика боюнча мыйзамсыз жүг | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматы жыл башынан бери республика боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн 66,9 млн сомго 224 миң 686 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алды.

Анын ичинен май айында 40,3 млн сомго 88 миң 717 бөтөлкө алкоголь тартып алынган.

Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу алкоголдук продукцияны сатуу, ошондой эле товарды сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтердин (сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) жоктугу менен байланышкан.

Ишкерлерге карата өлкөнүн мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүп, бир катар субъекттер боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.