Get Mystery Box with random crypto!

Салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн 'Электрондук товардык-тран | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" сервисин пайдалануу боюнча практикалык тренинг өткөрдү.

Тренингде адистер катышуучуларга бул программалык модулдун системасындагы иштин негизги функцияларын көрсөтүштү, анын ичинде системада каттоо өтүү, ЭТТКны тариздөө ж.б. боюнча, ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Эске салсак, маркаланган продукцияны, мунайды жана мунай заттарын жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2022-жылдын 15-майынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында катталууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

"ЭТТК" маалымат системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берген салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.