Салык кызматы 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого акциздик салык салынаарын эскертет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литрге 10 сомду түзөт.
Кошумча маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алса болот.