Get Mystery Box with random crypto!

Салык кызматынын башчысы митингчилерге ККМ жана ЭЭФ киргизүү з | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматынын башчысы митингчилерге ККМ жана ЭЭФ киргизүү зарылдыгын түшүндүрдү
------------------
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бүгүн контролдук-кассалык машинаны жана электрондук эсеп-фактураны киргизүүгө каршы акциянын катышуучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал жыйындын катышуучуларына ККМ жана ЭЭФ киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери колдонуу зарылдыгын кыскача түшүндүрүп, ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берди.

Ведомствонун башчысы белгилегендей, ККМ жана ЭЭФ колдонуу боюнча талаптар мыйзамдуу болуп саналат жана бизнес үчүн да, жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн да оң жактары бар.

А.Абдувапов жана Салык кызматынын башка өкүлдөрү митингдин катышуучуларынын ККМ колдонууга, ошондой эле салык кызматкерлеринин ишине тиешелүү бардык маселелерин жана дооматтарын иликтөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Толук маалымат