Get Mystery Box with random crypto!

Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну т | Салык кызматы / Налоговая служба

Товар жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу боюнча салык кызматкерлеринин аракеттери – мыйзамдуу

-------------

Салык кызматы жакында жүргүзүлгөн талдоонун жана мониторингдин, ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан электрондук эсеп-фактуралардын колдонулбаган, атап айтканда субъектке – сатып алуучуга (дүкөндөргө) товарларды жеткирүүдө басып чыгарылган ЭЭФ берилбеген фактыларды аныктаган.

Товар саткан жана калкка кызмат көрсөткөн көптөгөн субъекттер (дүкөндөр) иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен электрондук эсеп-фактураларды колдонбошу мүмкүн, буга ылайык алар Салык кызматынын маалыматтык системасына кошулган эмес.

Ушуга байланыштуу, Эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык товар жеткирүүчү электрондук эсеп-фактураны тариздеп, сатып алуучуга (дүкөнгө) анын басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.

Толук маалымат