Get Mystery Box with random crypto!

Салык кызматынын 3 айдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды --------- | Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматынын 3 айдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды
----------------------------------
15-апрелде Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2022-жылдын 1-кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия жыйыны болуп өттү.

Коллегиянын ишине Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын отурумунда салыктык башкаруунун бир катар актуалдуу маселелери каралды.

Анын ичинде, Салык кызматынын 3 ай ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга карата КНСти башкаруу боюнча иштеринин жыйынтыктары чыгарылды.

Ошондой эле, ишкер субъекттеринде контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча иштин абалы каралды.