14-15-апрелде программалык ККМ системасында техникалык иштер жүргүзүлөт
Урматтуу ишкерлер – Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан программалык контролдук-кассалык машинанын (Онлайн-ККМ) колдонуучулары.Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 14-апрелинде күндүзгү саат 12.00дөн тартып 15-апрелде таңкы саат 09.00гө чейин программалык ККМди башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча техникалык иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.
Иш-чаралар программалык ККМдин иштөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн убактарда система убактылуу өчүрүлөт.
Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.