Get Mystery Box with random crypto!

Ушул жылдын февраль айынан тартып салык төлөөчүлөрдөн булут эл | Салык кызматы / Налоговая служба

Ушул жылдын февраль айынан тартып салык төлөөчүлөрдөн булут электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун түзүүдө (кол коюуда) пайда болгон техникалык көйгөйлөр тууралуу Салык кызматына даттануулар келе баштады.

Идентификациялоонун жана авторизациялоонун бирдиктүү системасы (ИАБС) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын системасы болуп саналат жана анын иштөө мүмкүнчүлүгү жана коштоосу үчүн "Инфоком" жооп берет.

Салык кызматы өз кезегинде бул ката салык кызматынын системасындагы техникалык көйгөй эмес экендигин билдирет. Салык системасы, анын ичинде Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн кабинети" штаттык режимде иштешет.

ИАБС менен көйгөйлөр келип чыккан учурда "Инфокомдун" дарегине кайрылууну сунуштайбыз.