Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында салык контролунун жүрүшүндө сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.
3,9 млн сомго 10 миң бөтөлкө арак тартып алынды.
Ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.