Get Mystery Box with random crypto!

Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын | Салык кызматы / Налоговая служба

Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы отчетторду Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу тапшыруу керектигин, жөнөкөй кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуу мүмкүн эместигин билдирет. Отчетторду квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшыруу зарыл.

Уюмдарды отчетторду берүү үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырабыз.

Булуттуу электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын салык органдарынын бирдиктүү терезелеринен, ошондой эле Бишкек шаары боюнча ишкерлерди тейлөө борборунан (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат) акысыз алууга болот.