Орусча жазсамбы же кыргызча жазсамбы?! ⠀ Бир нерсе жазаарда | Программисттин ойлору
Орусча жазсамбы же кыргызча жазсамбы?!
⠀
Бир нерсе жазаарда бул суроону дайыма өзүмө узатам.
⠀
Орус мектепти бүтүп, орус тилинде көптөгөн адабий чыгармаларды окуп, көргөн кино-видеолордун баары орусча, достордун жарымынан көбү менен орусча баарылашмай. Албетте, орусча жазуу мен үчүн кыйла жеңил.
⠀
Бирок анан кийин ойлоном “жазган нерсемди орусча жазсам канча адамга пайдалуу болот жана кыргызча жазсам канча пайда алып келет?” деп. Жообу анык.
⠀
Анын үстүнө кыргыз тилинде сүйлөгөн абдан жагат. Ата-энем, үй-бүлөм бүт кыргыз тилинде сүйлөшөт. Ушу тилде тилим чыгып, балалыгым өткөн. Бул тилде өзүмдү аябай эркин сезем. Кулагыма аябай жылуу жана жакын угулат.
P.S. 23-сентябрь кыргыз тил күнүбүз кут болсун!