2022-12-29 14:34:00
Майрамдар, кандай гана түрдүү аталыштары болбосун, негизинде сөзсүз бир диндин белгиси болот.
فهي سمة من السمات التي تتميز بها كل ملة وأتباعها عن غيرهم.
Жана булар ар динди жана аны тутунгандарды башкалардан айырмалап турчу белгилерден.
وقد تواترت النصوص الشرعية بحصر أعياد المسلمين في عيدين كل عام. هما الفطر والأضحى
Көптөгөн шариаттык далилдерде мусулмандардын ар жыл сайын өткөрүүчү майрамдары эки эле майрам менен чектелет экендиги тууралуу айтылат. Ал Орозо айт жана Курман айт.
وعيد كل أسبوع هو يوم الجمعة.
Жана ар апталык майрамы бул жума күнү.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: إن لكل قوم عيدا، وهذا عيدنا.
Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, айткан: "Ар коомдун өзүнүн майрамы бар, а бул болсо биздин майрамыбыз".
وما سوى ذلك من أعياد كالكريسماس ورأس السنة الميلادية وغيرها، فهي لأهل الكتاب.
Ал эми булардан башка майрамдар, мисалы: Исанын туулган күнү, жаңы жыл жана башка майрамдар - булар жөөттөр жана христиандардын майрамдарынан.
ولا يجوز للمسلم اعتبارها ولا الاحتفال بها.
Мусулманга буларды майрам деп эсептөөгө жана тосууга уруксат берилбейт.
ولا التهنئة بها او المشاركة فيها.
Куттуктаган да, салтанаттарына катышууга да болбойт.
ويدخل في ذلك: إهداؤهم ما هو من لوازمها،
Майрамды коштогон белектерди дагы бергенге тыюу салынат
أو بيعهم هذه المستلزمات من أنوار وأشجار. ومأكولات معينة.
Алардын майрамына тийешелүү нерселерди сатууга да болбойт. Мисалы: майрамдык шам чырактар, балатылар, майрамдык тамактар ж.б.у.с
فإن هذا منهي عنه لسببين:
Бул нерселердин тыюу салынышына 2 себеп бар:
الأول: إن في ذلك تشبها بهم، وإقرارا لهم على كفرهم، وقد حرم الإسلام التشبه بالكافرين فيما هو من خصائصهم.
Биринчиден: бул аларды туурагандык, ошол эле учурда алардын каапырчылыгын тастыктагандык. Ислам дини боюнча каапырлардын өзгөчөлүктөрүндө окшошуу арам кылынган.
الثاني: إن في هذه الأعياد ابتداعا وإحداثا في دين الله تعالى.
Экинчиден: бул майрамдарды майрамдоо - Аллахтын динине анда жок нерсени киргизүү, жаңылык пайда кылуу (бурмалоо).
قال ابن القيم رحمه الله: وأما التهنئة بشعائر الكفر المختصة به فحرام بالاتفاق.
Ибн аль-Кайим, ага Аллахтын ырайымы болсун, айтат: "Каапырларды өздүк салтанаттары менен куттуктоо - баардык аалымдардын бир пикири менен арам".
كأن يهنئهم بأعيادهم. فيقول: عيد مبارك عليك. أو تهنأ بهذا العيد أو نحوه.
Аларды майрамдары менен куттуктоо сымал, мисалы: "Майрамыңар кут болсун" же "майрамыңар менен" деп айтуу.
فهذا إن سَلم قائله من الكفر، فهو من المحرمات.
Минтип айтуу менен адам эгер каапырчылыктан сак калса, жок дегенде арамга түшөт.
ولا يعني هذا إساءة المعاملة، ولا الاعتداء.
Антип айтпай коюу бул өз ара мамиледе жамандык кылуу, же душмандык көрсөтүү дегенди билдирбейт.
فإن رفض المشاركة ليس اعتداء، وإنما هو تميز المسلم واستقلاله في معتقداته وشعائره عن غيره.
Жана мааракелерге катышуудан баш тартуу да - душмандык көрсөтүү эмес. Бул бир гана мусулмандын ишеними жана диний өзгөчөлүктөрү менен айырмалануусу дегенди билдирет.
ولهذا جاز قبول الهدية منهم.
Дал ушул себептен алардан белек алууга уруксат берилет,
ولا يعد ذلك مشاركة ولا إقرارا للاحتفال.
Жана ким белек алган болсо алар менен майрамда катышты же арамды тастыктады деп эсептелбейт,
بل تؤخذ على سبيل البر وقصد التأليف والدعوة إلى الإسلام.
жөн гана аларга сый көрсөтүү же Исламга жүрөктөрүн жылытып, чакыруу иретинде белек кабыл алынат,
ما لم يكن مما ذبحوه لأجل العيد.
бирок бир гана майрам үчүн деп союлган малдын этинен башка.
قال شيخ الاسلام ابن تيمية رحمه الله: وأما قبول الهدية منهم يوم عيدهم، فقد قدمنا عن علي بن أبي طالب رضي الله عنه أنه أُتي بهدية النيروز فقبلها.
Шейх уль-Ислам ибн Теймия айткан: "алардан майрам күндөрү белек алуу боюнча, Али ибн Аби Талиб, Аллах андан ыраазы болсун, тууралуу айтканбыз, Ноорузда ага (каапырлар) белек бергенде, кабыл алган эле"
وعن أبي برزة أنه كان له سكان مجوس فكانوا يهدون له في النيروز والمهرجان. فكان يقول لأهله ما كان من فاكهة، فكلوه. وما كان من غير ذلك، فردوه.
Абу Барза тууралуу да айтылат, анын отко сыйынуучу жашоочулары болгон экен, жана алар Нооруз жана Махражан майрамдарында ага белек беришиптир.
Ошондо үй-бүлөсүнө: "Жашылча жемиштерди жегиле, андан башкасын кайтаргыла" - деп айткан экен.
210 viewsعاشقة الجنة, 11:34