Get Mystery Box with random crypto!

#жрт #орфография 10. Г тамгасынын жазылышы 1. Сөздөгү же | NGen окуучулар үчүн каналы :)

#жрт
#орфография

10. Г тамгасынын жазылышы

1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдү катышына карай Г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

2. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарга г тамгасы түпчүл г(гы) тыбышынын билдирет: ага,агыш,айгыр,бугу,булгаары, гана ж.б.

3. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г(ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк,илгич,кемеге,тегирмен, үгүт,чегедек ж.б.

4. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягында келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок,жазууда г тыбышы сакталып кала берет:

•Педагок(айтылышы) –педагог (жазылышы)
•Налок(айтылышы)–налог ( жазылышы)
•диалок(айтылышы)– диалог (жазылышы) ж.б.

#НЖен менен чогуу сабаттуу бол!