Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! Баарыңарга кутман кеч НЖен каналы акырындык ме | NGen окуучулар үчүн каналы :)

Салам, достор! Баарыңарга кутман кеч НЖен каналы акырындык менен ишин кайра улантып жатат. Бүгүн биз сөз кылуучу тема #жрт.

# ЖРТ

Азыр каникулда ЖРТ'га даярданууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар экенин көпчүлүк байкашпайт. Антсе да арабызда убакытты туура пайдаланып жаткандар болсо керек.
ЖРТдагы көпчүлүк кыйналган ОТ(окуу жана түшүнүү) бөлүмүнөн жакшы көрсөткүч көргөзүүнү каалагандар гезит- журналдарды,адабий чыгармаларды,макалаларды көп окушу керек. Бул көндүмдөр тест учурунда абдан жакшы жардамчы боло алат. Ошол себептен биз сиздерге жардам көрсөтүүнү туура көрдүк.

• Кыргызча макалаларды онлайн чыгарган сайттар(топ-3)

РухЭш – көбүнчө публицистикалык жана көркөм стилдеги тексттер жарыяланат. Эң башкысы ЖРТ да көпчүлүк учурда ушул сайттан тексттер алынат.

Азаттык – Көбүнчө өлкөбүздөгү жаңылыктар жарыяланып турат. Бирок бизге керектүү нерсени деле тапсак болот. Ишенимдүү сайт)

BBC– жалпысынан дүйнөлүк жаңылыктар чыгарылат. Илимий тексттерди окуганга эң жакшы булак


• Сиз да өз вариантыңызда комментарийге калтырсаңыз болот