Get Mystery Box with random crypto!

#жрт СИНТАКСИСТИК КАТЫШ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ Синтаксистик эң | NGen окуучулар үчүн каналы :)

#жрт

СИНТАКСИСТИК КАТЫШ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

Синтаксистик эң кичине бирдик болуп эсептелген сөздөр сүйлөмдө өзүлөрү тиешелүү болгон сөз түркүмдөрүнүн категориалдык табиятына ылайык кандайдыр бир грамматикалык формаларда туруп, башка бир синтаксистик бирдиктер (сөздөр) менен байланышат да, белгилүү бир синтаксистик катышты, грамматикалык маанини пайда кылат.
Сүйлөм тутумунда келген мындай толук маанилүү сөздөрдүн ортосундагы синтаксистик катыш алардын биринин экинчисине карата багыныңкылык абалын шарттап турган лексикалык маанилерине жана грамматикалык формаларына негизделет.
Демек, сүйлөмдөгү сөздөрдүн синтаксистик катыштары алардын жекече алынган лексика-грамматикалык табияты аркылуу гана эмес, сүйлөмдө башка сөздөр менен болгон байланыш-катыш өзгөчөлүктөрүнүн бирдиги аркылуу аныкталат да, алардын бири — маанилик жана грамматикалык жактан көз каранды абалдагысы — багыныңкы түгөй, экинчиси — маанилик жана грамматикалык жактан башкарып турган бөлүгү багындыруучу түгөй деп аталат.

Демек, синтаксистик катыш структуралык жактан өз ара лексика-грамматикалык байланыштагы "багыныңкы" жана "багындыруучу" деп аталган эки бөлүктөн же элементтен турат.
Ар кандай синтаксистик катыш белгилүү бир грамматикалык мааниге негизделген болот да, ошол маанинин өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү бир сөз топторунун базасында калыпташып, алардын грамматикалык табиятына ылайык белгилүү бир форма-көрсөткүчтөр менен жабдылат.
Мындай өзгөчөлүктөр сүйлөмдүн структуралык элементтери катары эсептелген анын айкындооч мүчөлөрүнүн сүйлөмдө башка сөздөр менен болгон синтаксистик катыш мүнөздөрүнүн да ар башкалыгын ачык көрсөтөт. Ошого байланыштуу алар өз ара объектилик катыш, атрибутивдик катыш жана бышыктоочтук катыш деген түрлөргө ажыратылат.