Get Mystery Box with random crypto!

ТАГДЫРЫҢА ЫРААЗЫ БОЛ! Чыныгы ыймандуу адам тагдырдын жакшылы | 🕋ЫЙМАН САБАКТАРЫ🕋

ТАГДЫРЫҢА ЫРААЗЫ БОЛ!


Чыныгы ыймандуу адам тагдырдын жакшылыгын да, жамандыгын да ыраазылык менен гана кабыл алат. Анткени анын башына түшкөн ар бир нерсе Аллахтын тандоосу менен болду. Аллахтын ал адам үчүн кылган тандоосу адамдын жеке каалоосунан жана тандоосунан жакшыраак. Себеби Аллах биз үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин эң жакшы билүүчү.

Андыктан ар дайым тагдырыңызга ыраазы болуңуз. Ошондо Аллах сиз ыраазы боло тургандай тагдырды берет.