Get Mystery Box with random crypto!

НАМАЗ КАЙСЫ ЖЫЛЫ ПАРЗ КЫЛЫНГАН? Беш маал намаз мусулмандарга | 🕋ЫЙМАН САБАКТАРЫ🕋

НАМАЗ КАЙСЫ ЖЫЛЫ ПАРЗ КЫЛЫНГАН?


Беш маал намаз мусулмандарга Исра жана Мираж түнү парз кылынган. Исра жана Мираж түнү хижрат жыл санагынан бир жарым жыл мурун болгон. Пайгамбарыбыз ﷺ ошол түнү жетинчи асманга көтөрүлгөн. Ошондо Аллах таала пайгамбарыбызга ﷺ беш маал намазды парз кылган. Бардык аалымдар намаз Исра жана Мираж түнү парз кылынган деп бирдиктүү ойду айтышкан.

Ошол түндүн эртеси Жебреил периште пайгамбарыбызга ар бир намаздын убактысында келип, анын окулуш жолдорун, тууралык шарттарын жана ага байланыштуу өкүмдөрдү үйрөткөн. Ошондой эле намаздан алдын дааратты кандай алуу керектигин да үйрөткөн.

Баштапкы учурда ар бир намазда эки рекет парз гана окулган. Пайгамбарыбыз ﷺ Мединага көчкөндөн кийин кээ бир намаздарга эки рекет кошулуп төрт рекет болгон, бирок шам намазы гана үч рекет бойдон калган. Кээ бир аалымдардан «намаз баштапкы учурда эртең менен жана кечке маал окулган, кийин калган намаздар кошулган» деп да айтылган сөздөр бар.

Эрланбек Кушчубек уулу