Get Mystery Box with random crypto!

Сүйүктүү жамаат, биздин окуучулар,инста окурмандарыбыз, баарың | «ЯСИНА АКАДЕМИЯ» Ютуб канал.

Сүйүктүү жамаат, биздин окуучулар,инста окурмандарыбыз, баарыңыздарды ЯСИНА окуу борборунун жамааты улуу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Туткан орозо,кылган жакшы амалдарыбызды Аллах Таала баарыбыздан кабыл кылып, кийинки Рамазанга аман эсен жеткирген болсун!
Аллах Таала ар бир үй бүлөгө ден соолук, бактылуулук,уй ичине береке, динине бекемдик берсин!
Мамлекетибизге - бакубат жашоо, тынчтык,токчулук - молчулукту өнүгүп - өсүүнү берсин!
Бүткүл ааламыбыз тынчтыкта болсун!
Урматтуу биздин окуучулар,инста достор, Орозо, намаз марафондорубузга катышкан окуучулар, аз да болсо сиздерге диндин бир аз бөлүгү жетип калсын деп,биздин устазалар жамааты,бул ай ичи - баяндар,эфирлер, тапшырмалар менен убара болду. Эмгегибиздин аз да болсо пайдасын үлүшүн алды деп ишенебиз!
Негизи марафонго катышкан окуучулар бир топ маалымат алып,көп нерсени үйрөнүп,амал кылганга жетишти деп ойлойбуз.
Себеби болгон жан дүйнөбүз менен убагында жеткирип калалы деп аракет кылдык.
Эми корутунду жасап посттун астына дагы биз менен бөлүшүп өтсөңүздөр абдан кубанычта болобуз ( мумкун биз себекер болуп намазга,жоолука же башка жакшы иштерге келдиңиз)
Сөзсүз өзүңүздөр үчүн дагы корутунду жасаңыздар (орозо ичи кандай нерсеге жетиштим, эмнени үйрөндүм, кандай амалдарды кылдым деп,кимдер себепкер болду)
Биз билгенден,биздин көп эле окуучулар сооп иштерге тынбай эле салымдарын кошуп жатышты, Аллахым кабыл кылган болсун.
Куран китептердин алынышына,
Садака амалдарына мына ушул иштин баарына окурмандан баштап, устаза жана окуучуларыбызга чейин салымы чон болду! Аллахым кабыл кылсын баарыңыздардан
Аллах Таалама миң мертебе шугур айтабыз, ушундай жамаатта баарыбызды бириктирип койгонуна!
Ар бириңиздердин корутундуңуздарды, ду'аларыңыздарды күтөбүз!
Дагы бир жолу айтыңыздар маарек болсун! Урматтоо менен Ясина окуу борбору жамааты!