Get Mystery Box with random crypto!

Бул бетте келин жонундо 45 макал бар. Эненин кеби — кыз —кели | Ыймандуу ...♥️🌿

Бул бетте келин жонундо 45 макал бар.

Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
Такылдаган келинди, үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.
Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
Жакшы келин — келин, жаман келин — өлүм.
Ийменчектик кыз —келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт.
Илгери барардын ити чөп жейт, кедери кеткендин келини ууру кылат.
Иши оңолбогондун уулу урушчаак, келини керишчээк.
Кайнага калтайбаса, келин келгейбейт.
Кайнене айбаттуу болсо, келини уяттуу болот.
Келиндин тарбиясы башынан.
Кедей кызы байга келин болуп барганда: куңкулчуңкул мүлжүгөнгө моюн жакшы, карт —карт чайнаганга карын жакшы» дептир.
Келген журттан көчө элек, келин аты өчө элек.
Келген журттан көчө элек, келин аты өчө элек.
Келер (же келген) сөздү келин айтат.
Келер сөздү келин айтат.
Келин жакшы — үйдүн керегеси алтын.
Келин жакшысы — керемет, келин жаманы — кетпес кесик.
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
Келин жаманы — кетпес кесик, келин жакшысы — керемет.
Келин келет, кыз чыгат.
Келинди келгенде көр, же тезек терип жүргөндө көр.
Келинди келгенде көр, кемпирди — өлгөндө көр.
Келиндин — аягынан, койчунун — таягынан.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Келиндин баласын кеңешип сүй.
Келиндин бетин ким ачса ошол ысык.
Келиндин бетин ким мурун ачса, ошол ысык көрүнөт.
Келиндин жаман болгону — кереги тийбес ташка тең, уулдун жаман болгону — апийим ичкен сартка тең.
Келиндүү болсоң кекээр сүйлөбө.
Кел —келине келгенде келинден мурун кыз тууйт.
Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук.
Кереч ичсе келиним калбайт беле, жалбыз ичсе жалгызым калбайт беле.
Керишпес келин, урушпас уул болбойт.
Кечинде күн кызарса, келиниң эркек төрөгөндөй сүйүн, эртең менен күн кызарса, элиңе жоо тийгендей күйүн.
Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
Койчунун — таягынан, келиндин — аягынан.
Кыз жаманы— кыроо, уул жаманы — уйгак, келин жаманы — кетпес кезик.
Уул жакшысы — урмат, келин жакшысы — келбет.
Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
Ыңырчагы ырдагандын, келини (керегеси) кердейт.
Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот.
Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл.