Get Mystery Box with random crypto!

Сен басып өткөн бардык жерде 'кыздын изи' калсын! Эгер сенде | 🕋ИСЛАМ ААЛАМЫ🕋

Сен басып өткөн бардык жерде "кыздын изи" калсын!

Эгер сенде "кыз" сыпаты калыптанган болсо, анда сөзсүз түрдө сен басып өткөн жерде анын изи калат...

Өтүп бара жаткан жолуңдан бүлүнгөн көрүнүшкө кезиксен аны сөзсүз түрдө жыйна, түздө, тургуз, айтор ордуна келтирип кет, бул- "кыздын изи"...

Көчөдө бара жатсаң жөн гана жылмай, көчөдөгү сенин
жылмаюундан жаралган нур, бул да "кыздын изи"...

Курбуларын менен кезиккен жерде бийик үндөн, ашыкча сөздөн өзүндү оолак тут, ал жерде пайда болгон назик илеб же сырдуу тынчтык да "кыздын изи"...

Маанилүүсү, сен олтурган дасторкондо сөзсүз түрдө "кыздын изи" калууга тийиш. Сырттабы, үйдөбү, кимдир бирөөдө коноктобу, айтор эч бир жерде сенин артыңдан бирөө жыйнап жатып иренжий турган абал жаралбасын. Мүмкүн болушунча өзүңдүн алдынды өзүн жыйнап турууга, өз идишинди өзүң жууганга аракет кыл, бул эн зарыл болгон "кыздын изи"...

Сен жашаган бөлмөдө "кыз изи" ар тараптан байкалып, даана көрүнүп турсун!

Үнсүз дуа