2022-03-12 06:11:07
Уалейкум ассалам устаза. Мен сизге ыраазычылык катымды бу жака жазып койойун. Ушу сизге жоолуктурган аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун, ыраазымын. Сабактарыңыз абдан маанилүү,тапшырмаларды да биздин ар жаныбызга терең жетсин деп берип жатасыз, азаматсыз. Негизи жазганда көп нерсени ойлонуп,анан жазганда эсте көп калат. Мен да ушу жерге чейинкисин толук угуп бүттүм,уккан сайын улам динге болгон сүйүүм артып келүүдө. Негизи мен намаз окуп,дин жөнүндө изденип баштаганыма 3 жылдай эле болду,абдан өкүнөм мурда не кылып жүргөм деп. Азыр көп нерсени түшүнүп, динден түшүнүгү жоктор да мендей болуп кеч түшүнүп калбаса экен деп көп ойлоном. Сиздин ар бир сабагынызды өз өзүнчө сонун сырлары бар,өзүңүз айткандай бир бирине окшобойт,бирок абдан байланышы бар. Сиздей айымдар мектептерде жаш кыздарга, айылдарда келиндерге көп көп кеңештерди берсе деп тилек кылам. Аллахым ыраазы болсун. Эки дүйнөдө бактылуу болуңуз. Үй бүлөөңүз менен! Сиздей айымды тарбиялаган атакенизге, апакенизге ыраазымын. Сиздей айымга жоолукчан жолдошуңуз бактылуу экен, түбөлүк бактылуу болуңуздар. Күндөн күнгө менин да пландарым,максаттарым чыгып буйурса жакшы иштерди жасайм деп ниеттенип жүрөм. Негизи эле дин жолуна түшсөң, түшүнсөң абдан жакшы экен, жүрөгүң да спокойно жүрөт экен. Кудайым буйруса сиз менен жүз көрүшүп саламдашсам деген ниетим бар. Аллахыма чексиз чексиз шүгүрлөр мактоолор болсун. Сиздей айымдар көп болсун,ушу группада окуп аткан жаш кыздарыбыз да изденип, сиздей болуп башкаларды да жакшы иштерди жасашсын Аллахымдын ыраазычылыгы үчүн,алтындарым жаш кыздар эжекенердин запистерин кайра кайра уккула. Жалпы катышуучуларга ийгилик илимиңиздердин ийгилиги болсун. Баарыныздарга ден-соолук каалайм эки дүйнөдө бактылуу болуңуздар алтын эжеке,сиңди кыздар терең урматым менен Италяндан Самара
922 views03:11