2023-01-01 01:45:56
(Пост мусулмандар үчүн гана)
Динибиз жаңы жылды майрамдоого тыйуу салат.
Майрам диндин бөлүгү - ибаадат.
Б.а. майрамдарды белгилөө менен биз Улук Аллахка ибадат кылабыз, бул Аллахтын бизге болгон ырайымы.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мединага келгенде анын жашоочуларынын оюн жана көңүл ачуу менен коштологон эки майрамы бар эле. Пайгамбар алардан: “Бул күндөр эмнени билдирет?” деп сураганда алар: “Бул күндөрдө биз жахилия доорунан бери көнүл ачып, майрамдайбыз” деп жооп беришет.
Ошондо пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) аларга айтты: “Чынында Аллах силерге бул эки күндү эки жакшы майрамга алмаштырды:
КУРМАН АЙТ жана ОРОЗО АЙТ!”
(Абу Дауд).
Жаңы жыл тосуу эмнеге коркунучтуу?
“Жаңы жыл” бул христиандардын диний майрамы, - ислам акыйдасына карама-каршы келет.
Мусулман календары христиандардыкынан айырмаланат - мусулмандар ай календерын колдонуп, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Меккеден Мединага жер которгондон тарта жыл санагын башташат.
Христиандар болсо күн календарын колдонуп, жыл санакты Иса пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) туулган жылынан баштап жүргүзүшөт.
Христиандардын пикиринде Иса пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) декабрь айынын акыркы күндөрүндө төрөлгөн, анча-мынча каталардан алыс болуш учүн жыл санакты январдын биринчи күнүнөн башташкан.
Көңүл бургула
Жаңы жылды майрамдоо чоң ширктер менен коштолгон,
“Жаңы жыл” Исламдын негизи болгон ТАУХИДТИ жок кылат.
Биздин балдарыбызга “Баарын угуучу” жана
“Баарына кудуреттүү”,
Баардык ой-кыялдарды аткаруучу жалган Аяз ата тууралуу ишенимди киргизишип,
балдар Аллахка гана кайрылгандай Аяз атага кайрылышат (дуа кылышат).
Улук Аллах айтты: “Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!”
(Куран, Жин сүрөөсү:18).
Улук Аллах дагы айтты: “Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллахтан башка "кудайлары" эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер. Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да
билбейт”
(Нахль:20-21).
Аяз атага дуа кылуудан башка мушриктер идолдорун кооздогондой
- балаты кооздолот,
андан соң
Каабаны таваф кылгандай эле ыр-бийдин коштоосунда
- балатыны таваф кылышат.
Ага кошумча адамдар баардык
- жамандыктар эски жыл менен кетет, жаңы жылды кандай тоссоң келе турган жыл да ошондой болот деп ишеним кылышат.
Бул амалдардын көпчүлүгү Аллах тообасыз кечирбеген чоң ширк болуп саналат.
Аллах айтат: “Албетте, Аллах (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү
каалаган пендеси үчүн кечирет”
(Ниса:116).
Ошентип “жаңы жыл” маселесин кичине гана талдоо менен бул майрамга болгон тыйуу жөн гана таквасынган адамдын жөөлүгөнү эмес, биздин жарык динибиздин жүрөгүнө доо кетирчү нерсе экендиги айкын болду.
Биздин ар бирибиз мунун үстүнөн ой жүгүртүүбүз зарыл, анткени кайсы бир күнөө коомдо ачык кылынып калганда ал жүрөккө жек көрүндү болбой, катардагы нерсе катары кабыл алынып калат.
Биздин ар бир нерсени туура деп текшерүүбүз баардык макулуктардын Жаратуучу Роббусу тарабынан жиберилген Куран жана Сүннөт болсун.
Аллах баарыбызды мээримине алып, Өзүнүн чексиз байлыгынан ырыскыландырсын!
Почему Ислам запрещает Новый год?
Праздники в Исламе являются частью религии. То есть отмечая праздники, мы поклоняемся Всевышнему Аллаху, что является милостью для нас от Всевышнего.
Когда посланник Аллаха (мир ему и благословение) переселился в Медину, у ее жителей было два праздничных дня, которые отмечались играми и весельем. Он спросил их: «Что означают эти дни?»Они ответили: «Это дни, в которые мы веселимся, празднуя их со времен язычества». Тогда пророк (мир ему и благословение) сказал им:
«Поистине, Аллах заменил их двумя лучшими днями: Днем Жертвоприношения и Днем Разговения!»
(хадис передал Абу Дауд).
Чем «новый год» хуже остальных праздников?
«Новый год» – это религиозный праздник христиан, который противоречит исламскому вероучению.
213 views22:45