Get Mystery Box with random crypto!

Кечээ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Тынчтык Корпусуну | 3 КАНАЛ

Кечээ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Тынчтык Корпусунун 10 волонтердон турган жаңы тобу ант беришти. Жакынкы эки жылда волонтерлор жергиликтүү англис тили мугалимдери менен иштешип, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептердин окуучуларына англис тилин үйрөтүшөт.

Салтанатка Билим берүү жана илим министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, АКШ элчилигинин өкүлдөрү, Тынчтык Корпусунун волонтерлору жана кызматкерлери, кесиптештери жана кабыл алуучу мектептердин директорлору жана башка коноктор катышышты.

Орто мектептерде англис тилин биргелешип окутуу аркылуу волонтерлор жергиликтүү англис тили мугалимдери менен билим алмашууга катышышат, окуучулардын коммуникативдик тил жөндөмдөрүн колдошотёжана алар өздөрүнүн мектептерине жана жамааттарына англис тилин окутуу үчүн ресурстарды түзүүгө же кеңейтүүгө жардам беришет.