Get Mystery Box with random crypto!

САБАТСЫЗ ТҮРКТӨР - Түрк тили өтө оңой тил болгонуна карабай, | 𝐓𝐮̈𝐫𝐤𝐜̧𝐞𝐦🇰🇬🇹🇷

САБАТСЫЗ ТҮРКТӨР -

Түрк тили өтө оңой тил болгонуна карабай, орфографиялык каталарды кетирген түрктөр өтө көп, айрыкча жаштар арасында кездешет

Келиңиз, бүгүн ошол каталардын үстүнөн иштейбиз:

-DA/- DE
Эгер жөндөмө болсо (nerede?) демек мүчө чогуу жазылат
Ankara'da, okulda, evde

А эгер ал da/de (дагы) бөлүкчөсүболсо бөлүнүп жазылат
Bugün de hava soğuk.
Бүгүн дагы аба ырайы суук.

HİÇ
Hiçbir сөзүнөн башка бардык, hiç сөзү өзүнчө жазылат

Hiçbir şey bulamadım-эч нерсе табалбадым

Her
Бул дагы өзүнчө жазылат. Бирок, төмөнкү үч сөз гана биригип жазылат:
Herkes
Herhangi
Herhalde

Deyil эмес değil
Napıyon? эмес ne yapıyorsun?
Naptın? эмес ne yaptın?
İyim эмес iyiyim жана башка
(А сизде ушундай кездешти беле?)
__________________________________
t.me/turkchom