Get Mystery Box with random crypto!

САГА АРЗАНЧЫЛЫКТА ЫРЫСКЫ БЕРГЕН АЛЛАХ КЫМБАТЧЫЛЫКТА ДА ЫРЫСКЫ | tavassul.kg

САГА АРЗАНЧЫЛЫКТА ЫРЫСКЫ БЕРГЕН АЛЛАХ КЫМБАТЧЫЛЫКТА ДА ЫРЫСКЫ БЕРЕТ

Күндөрдүн биринде адамдар улуу аалым Саламат ибну Динарга келип: «Оо, Абу Хазим! Караңызчы, кымбатчылык болуп кетти го?» – деп айтышканда, ал: «Мунун эмнесине кабатыр болосуңар?! Бизге арзанчылыкта ырыскы берген Аллах кымбатчылыкта да ырыскы берет» – деп жооп берди. ("Хильятул Аулия", 3/239)

Бүткүл айып-кемчиликтерден аруу жана улук Аллах пенделерине ырыскы берүүнү Өз мойнуна алган. Жер бетинде кандай жандык болбосун, ага ырыскыны Аллах гана берет. Андыктан адам баласы үчүн ар бир ишинде Аллахка гана таянуу, Андан гана үмүт кылуу, ырыскысын Андан гана суроо милдет болуп эсептелет.

Кайсы гана адам болбосун, ырыскысына толук жетмейин дүйнөдөн өтпөйт, ага жазылган ырыскы кандай жол менен болсо да, акыры ага келет. Ажал аны кандай кууса, анын ырыскысы да аны кууп жүрөт. Ал бешенесине жазылган ырыскыга сөзсүз жетет. Эгер ал нааразы болуп кайгырса, анда бул анын Аллахка болгон ишениминин алсыздыгынан кабар берет.