Get Mystery Box with random crypto!

Кандай продуктылар күчтүү аллергендер болуп эсептелет? Бал | Тамактануу илими

Кандай продуктылар күчтүү аллергендер болуп эсептелет?

Балдар сүйүп жеген уйдун сүтү күчтүү аллергия жаратуучу продукт. Анын курамында 12 аллергиялык зат бар.

Тооктун жумурткасы да кеңири таралган аллергендер. Ал белоктордун топторун камтыйт.

Балык күчтүү антиген. Анын этинде парвалбумин жана тропомиозин белок топтору бар.

Буудай жана соя да кээде аллергиялык реакцияларды жаратат.

Эт азыктарынын ичинен канаттуулар башкаларга караганда антигендик касиетке ээ.

Цитрус жемиштери, кулпунай жана көк бүлдүркөн дагы аллергияны көбүрөөк жаратат.

Жержаңгак. Бул продукт көбүнчө анафилактикалык реакцияны жаратат. Андан кийин ар кандай жаңгактар, кунжут, бал, шабдалы, жүзүм, малина, сабиз, шоколад, кофе жана какао аллергендик азыктардын тизмесине кирет.

https://t.me/Tamaktanu_ilimi